
Бүгүн, 28-январда саат 12:20да Бишкек - Ош унаа жолунун 447-чакырымында кар көчкү түштү. Учурда жол убактылуу жабык экенин "Кыргызавтожол Түштүк" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Тазалоо иштери ишканага караштуу №23 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жүргүзүлүүдө.
Коопсуздукту камсыз кылуу максатында атайын техника тартылып, жолду тазалоо иштери активдүү уланууда. Кошумча маалымат берилет.