Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 29-январда берген маалыматына ылайык, өлкө аймагында сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды.
Тактап айтканда, Чүй облусунда 2, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 10 күжүрмөн эсеп тартылган.