Биз социалдык тармакта

Шашылыш билдирүү! Кар көчкү түшүүсү күтүлөт

29-январдан 31-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек - Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 65-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан