Бишкектин көчөлөрүн аралаган үйүр жылкы шаар четине чыгарылды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирип, окуянын видеосун бөлүштү.
Анда калаадагы Ахунбаев, 7-апрель көчөлөрүндө жүрүшкөн жылкылар шаар четине айдап чыгарылганы айтылат.
Башкармалык мал ээлерине мал-жандыктарды шаардан алыс кармоону, коопсуздук эрежелерди сактоону эскертти.