Евгений Плющенко “Сочи-2014” Олимпиадасына жекеликте бармай болду

Муз үстүндө бийлөө боюнча “Турин-2006” Кышкы Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынган орусиялык спортчу Евгений Плющенко “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасына жекеликте бармай болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда орусиялык басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Орусияга Олимпиада үчүн жалгыз квота берилип, ал Евгений Плющенкого тийди. Плющенконун командалык оюнда жана жекеликте да оюн көрсөтүүсүн камсыздай турган Спорт министрлигинин документи эртең, 23-январда Аткаруу комитетине кароого жөнөтүлөт.

Эске салсак, Плющенко 31 жашта. Буга чейин ал 3 Олимпиадага катышып, 1 ирет алтын (2006-жылы), 2 ирет күмүш медаль тагынган (2002, 2010). 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
saidka
2014-01-22 13:53:54
олимпиадага катышпайм деди элего. Кызык. Бирок муздан кыйын киши ийгилик.
0
algajawoo
2014-01-22 23:30:08
Бул адамды бели сынган эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан