Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылынын 70 жаштагы тургуну Камчыбек Чотоев бала кезден кыялданган максатына жетүү алдында турат. Ал бир жылдан бери эки кишилик тик учакты (автожирди) 35 миң долларга курап чыкты. Бул тууралуу блогер Эрмек Молдогазиев билдирди.
Тик учакка унаанын кыймылдаткычы коюлуп, бензин менен иштейт. Карыя тетиктерди Орусиядан алып келип, бала кезинен самап келген кыялын орундатты. Автожир токойлорду кароого, көлдө тор салгандарды аныктоого жардам берет. Ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтарууга да пайдалуу болорун кошумчалады.
Азыр аны колдонууга уруксат алуу үчүн окуудан өтүү гана калган.