Биз социалдык тармакта

Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөдө иштеп жүргөн адистерди өлкөгө кайтарууну көздөйт

Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөдө эмгектенип жүргөн адистерди мекенине кайтарууну көздөп жатат. Бул тууралуу министрликтин 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында белгилүү болду.

Жыйында саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кадрдык потенциалды күчөтүү үчүн көрүлүп жаткан чараларды белгиледи. Ал үчүн төмөнкү жагдайларды атады:

  • эмгек акыны жогорулатуу,
  • турак жай менен камсыз кылуу шарттарын түзүү,
  • аймактардагы дарыгерлерди колдоо,
  • эл аралык даярдоо программаларын өнүктүрүү,
  • чет өлкөдө иштеп жүргөн адистерди кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн ачуу.

Министр бул өзгөрүүлөр президент Садыр Жапаровдун ар тараптуу колдоосу менен мүмкүн болгонун белгилеп, саламаттык сактоо тармагында системдүү реформаны ишке ашырууну көздөп жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан