Бүгүн, 22-январда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда дзюдо боюнча Кыргызстандын биринчилиги старт алат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 250дөн ашуун дзюдочунун катышары күтүлүп жаткан мелдештин салтанаттуу ачылышы саат 14:00гө туураланган.