Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-январда Бириккен Улуттар Уюмундагы бир катар мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда дүйнөлүк геосаясий кырдаал, эл аралык коопсуздук, терроризмге каршы күрөш, климаттын өзгөрүшү, өзөктүк куралды жайылтпоо жана туруктуу өнүгүү маселелери талкууланган.
Мамлекет башчысы Кыргызстан эл аралык укуктун нормаларын сактоону жана талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүнү жактаарын белгилеп, өлкө эл аралык коопсуздукту чыңдоого жана чакан мамлекеттердин кызыкчылыктарын коргоого салым кошо берерин айтты.
Өз кезегинде чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү Кыргызстандын эл аралык кызматташтыктагы активдүү ролун жана туруктуу өнүгүү жаатындагы демилгелерин жогору баалашты.