
Бүгүн, 30-январда өлкөдөгү унаа жолдордо жана ашууларда жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу жана кар күрткɵлɵрүн тазалоо иштери күнү-түнү аткарылууда.
Министрлик кандай жагдай болбосун айдоочуларды жол эрежесин сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.