Чаткал районунда көчкү түшүп, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолу жабылды

Бүгүн, 22-январда саат 11:00дөр чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 5-9-чакырымында кар көчкүсү түштү. Анын көлөмү болжол менен 4500-4700 метр куб. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда аталган унаа жолу жабык. Кар көчкүсүн тазалоо үчүн "ЖЭМ-27" ишканасынан 1 грейдер, 2 бульдозер жана 1 даана ДТ-75 тартылган. 
Эскерте кетсек, кечээ, 21-январдын кечки саат 20:40тар чамасында Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 89-чакырымына 1800 метр куб кар көчкү түшүп, тазаланып, ачылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
92nuraaly
2014-01-22 18:15:47
Кар жаап жатат экен бат-бат кочку тушо берет. Кар тазалай турган техникалардын жанысын берсе болмок окмот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан