Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев текшерген "Жетиген" мектеби окуучуларына жаңы токочторду бере баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мэрдин орун басары Нурлан Закиров билим берүү мекемесине барып, окуучуларга берилип жаткан тамак-аштын сапатын кайрадан текшерип чыккан.
"Мектептин ашканасындагы көйгөйлөр чечилип, ашпоз алмаштырылды. Учурда балдарга берилген нан, таттуу токочтор жакшы сапатта, даамдуу жасалып баштады",- деп билдирди мэрия.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган мектепти калаа башчысы текшерип, балдарга берилип жаткан токочтун сапатына
нааразы болгон.