Синоптиктердин маалыматына ылайык, эртең, 31-январда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2... -7, күндүз +2... +7;
- Талас жергесинде түнкүсүн -3... -8, күндүз +1... +6;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1... -6, күндүз +4... +9;
- Нарын аймагында түнкүсүн -14... -19, күндүз -4... -9;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3... -8, күндүз +1... +6;
- Бишкек шаарында түнкүсүн -4... -6, күндүз +4... +6 градус болот.