Чүй облусунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан Каратал Табалдинов атындагы мектеп 1967-жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарады.
Маалыматка ылайык, мектептеги электр зымдары эскирип, айрым бөлмөлөрдө зымдар ачык калган. Бул окуучулар үчүн коркунуч жаратууда. Мындан тышкары, сынган терезелер, жараксыз парталар, дубалдардагы жаракалар жана түтүктөрдүн бузулушу сыяктуу көйгөйлөр бар. Мектеп 960 окуучуга эсептелгени менен учурда 1700гө жакын бала билим алууда. Окуучулардын көптүгү мугалимдерге да, балдарга да кыйнчылык жаратууда.
Жергиликтүү тургундар мектепке көңүл бурууну, капиталдык оңдоо иштерин суранышууда.
Видео: Маратов Арсен