Биз социалдык тармакта

"Өкмөттүн эрке баласы болду". Депутат Калпаев Эдил Байсаловду сынга алды (видео)

Бүгүн, 30-январдагы "Элдик" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында депутат Бактыяр Калпаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жыйынга толук катышпаганын сынга алды.

Анда эл өкүлү жөлөкпул боюнча депуттардын Эдил Байсаловго суроолору бар экенин айтып, мындай кадамын сыйлабастык деп баалады.

"Эки депутаттык топтун жыйынында Эдил Байсаловдун 15 мүнөт отуруп кетип калганын кандай түшүнсөк болот? Ал эфирге, интервьюга барам дейт. Бул жерде 30дан ашык депутат чогулуп, жөлөкпул, социалдык маслелерди карап жатканда депуттарды, элди, мыйзамды сыйлабай кетип калганы үчүн жооп береби? Бүт баары ага суроо беребиз деп отурушат. Өкмөттүн эрке баласы болду го",- деди депутат.

Депутат Эдил Байсаловго нааразы болду 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан