Сербиялык теннисчи Новак Жокович теннис боюнча Австралиянын Ачык биринчилигинин чейрек финалында швейцариялык Станислас Вавринкага утулуп, мелдештен четтеп калды (6:2, 4:6, 2:6, 6:3, 7:9 эсептеринде). Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Вавринка жарым финалда чехиялык Томаш Бердых менен кез келет. Ал эми кийинки жарым финалчылар бүгүн, 22-январда Роджер Федерер- Энди Маррей, Рафаэль Надаль- Григор Димитров беттештеринде аныкталат.
Кошумчалай кетсек, ушул мелдешти былтыр Жокович утуп алган.