Бүгүн, 22-январда футбол боюнча “Өнүктүрүү кубогу-2014” Эл аралык мелдешинин алкагында Кыргызстан өспүрүмдөр курама командасы казакстандык футболчулар менен беттеш өткөрөт. Бул тууралуу казакстандык ММКлар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 17 жашка чейинки футболчулар арасында өтүп жаткан мелдеште Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Молдова командалары өз тайпаларында акыркы орунду ээлешкен. Эми бул 4 команда өз ара оюн өткөрүп, 9-12-орундарды талашышат.