Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине БУУнун делегациясы жана Андорра, Чад, Габон, Гватемала, Гвинея-Бисау, Гайана, Намибия, Сент-Китс жана Невис, Түштүк Судан мамлекеттеринин жогорку даражалуу өкүлдөрү иш сапары менен келишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ардактуу конокторду музейдин директору Жылдыз Бакашова тосуп алып, музейдин негизги экспозициялары боюнча экскурсия уюштурулду. Делегация кыргыз элинин тарыхы, маданий мурасы жана этнографиялык баалуулуктары менен таанышты.
Бул сапар Кыргызстан менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосунда маданий диалогду жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү кадам экени белгиленди.