Кечээ, 30-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык №18 Көкүм-Бий бала бакчасынын фасадын сырдоо, ички бөлүгүн жасалгалоо жана балдар ойноочу аянтчаларын куруу иштери толук аяктады.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, объект жакынкы күндөрү пайдаланууга берүүгө даяр. Аталган бала бакча 1998-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды.