"Үйдө жалгыз" тасмасында Кевиндин апасынын ролун аткарган актриса Кэтрин О’Хара 72 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар анын менеджерине шилтеме берүү менен билдиришти.
Маалым болгондой, актриса 30-январда Лос-Анжелестеги өз үйүндө кыска мөөнөттүү оорудан кийин каза болгон.
Кэтрин О’Хара 1990-жылы "Үйдө жалгыз" жана 1992-жылы "Үйдө жалгыз 2: Нью-Йоркто жоголгон" тасмаларында Кейт Маккалистер — Кевиндин апасынын ролун жараткан.
Ошондой эле ал канадалык "Шиттс Крик" сериалында мурдагы актриса жана коомдук айым Мойра Роуздун ролу менен да таанымал. Бул ролу үчүн Кэтрин О’Хара "Эмми" сыйлыгына татыган.