Биз социалдык тармакта

Кубада АКШ тараптан коркунучка байланыштуу эл аралык өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес АКШ тарабынан коркунуч жаралып жатканына байланыштуу өлкөдө эл аралык өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Родригес АКШнын саясатын сындап, Вашингтондун аракеттери бардык өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратарын белгиледи.

30-январда АКШ президенти Дональд Трамп Куба тарабынан улуттук коопсуздукка коркунуч бар деген негизде өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган. Бул документ Кубага мунай жеткирген бардык өлкөлөрдүн товарларына кошумча бажы төлөмдөрүн киргизүүгө мүмкүндүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан