Мамлекеттик Думанын депутаттары Леонид Слуцкийдин жетекчилиги алдында соттолгон чет элдик жарандарга Орусияга өмүр бою кирүүгө тыюу салууну сунушташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, тийиштүү мыйзам долбоору парламенттин кароосуна киргизилген. Мыйзам долбоору оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон, соттуулугу алынбаган жарандыгы жок адамдарга өлкөгө кирүүгө тыюу салууну карайт. Документте чаралар белгилүү бир мөөнөткө гана колдонулары такталган.
Демилгечилердин айтымында, сунушталган чаралар Орусиянын жарандарына олуттуу зыян келтирүүгө жол бербөөгө, алардын негизги укуктарын коргоого багытталган.