Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Дубайга барат 

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Бүткүл дүйнөлүк өкмөттүк саммитке катышуу үчүн БАЭге иш сапары менен барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Касымалиев саммитке катышуу менен БАЭнин жогорку жетекчилиги жана бир катар министрликтердин жана суверендүү фонддордун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

"Эмират тарап менен эки тараптуу документтерге кол коюу жана саммиттин алкагында БАЭнин жогорку кызмат адамдарынын катышуусунда "Кыргызстандын экономикалык өсүү модели "Ак илбирс": Өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар" аттуу сайд-ивент өткөрүү пландаштырылууда",- деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан