Иран бийлиги республикадагы нааразычылык акцияларында жана баш аламандык маалында каза болгон 3 миңдей адамдын аты-жөнүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Иран президенти Масуд Пезешкиан аталган окуяларда каза тапкан адамдардын өздүгүн жарыялоо тууралуу буйрук берген. Анда жалпы каза болгондордун саны 3 миң 117 деп көрсөтүлгөн. Бирок 2 миң 986 адамдын гана өздүгү такталып, калган 131 жаран белгисиз экени жазылган.
"Президенттин буйругу менен 2986 адамдын тизмеси жарыяланды",- деп маалымат таратты президенттик администрация.
Белгилей кетсек, Иранда 28-декабрда Улуттук валютанын кескин төмөндөшүнөн улам нааразычылык акциялары башталган. Массалык баш аламандык полиция менен кагылышууга айланган.