
Өлкө аймагындагы тоолуу райондордо 2-февралдан 4-февралга чейин кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек - Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында кар көчкү күтүлүүдө.
"Тоолуу тилкелерде кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын кыймылы ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл",- деп билдирди министрлик.