“Алтын үн” фестивалынын баш байгесинин ээси Темирлан Мукашовду көзгө аткан адам эки айга камалды 

Ырчы Темирлан Мукашовду көзгө аткан адам өз эрки менен милицияга келди. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын 25 жаштагы тургуну өз күнөөсүн мойнуна алып, Бишкек ШИИББинин Кылмыш иликтөө башкармалыгына кайрылган.

Анын айтымында, Жаңы жыл түнү Бишкек шаарындагы кафелердин биринен жаш балдардын урушуп жатышканын көрүп калган. Анан ал аларды коркутуу максатында асманга эки жолу ок чыгарып, кетип калган. Бирок ал ошол учурда бир адамды көзгө атып алганын билген эмес. Бул туурасында массалык маалымат каражаттарынан уккан. Эртеби-кечпи жооп берерин билип, милиция бөлүмүнө өзү кайрылган. Учурда кылмышка шектүү эки айга, тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алынды.

Эске сала кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү “Алтын үн” фестивалынын баш байгесин жеңип алган Темирлан Мукашов сол көзүнө травматикалык тапанчадан ок жеген.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
saidka
2014-01-22 13:51:35
эки айга гана камалабы? Хотя бы 3 жылга камаш керек!!!
-1
Шаиста Шатманова
2014-01-22 14:21:10
saidka, тергөө мөөнөтү тууралуу сөз болуп жатат.
+4
KG-Oligarh
2014-01-22 13:55:09
Бир козун чукуп алып туруп Темирланга салып бериш керек.
+12
GULZAT82
2014-01-22 14:25:54
KG-Oligarh, туура айтасын, анын козун алып, Темирланга салыш керек. Ал элдин адамы!
+1
Supsuluu
2014-01-22 14:08:32
Эки айга камалды дегени эмнеси? Таптатынакай эле баланы майып кылып анан болгону эки айга камайт бекен, эгер ал озу келип мойнуна алганы учун женилдик болсо, адилетсиздик болуп калат го. Акчага сатылбагылачы, тийиштуу жазасын алыш керек.
0
akylbekkg
2014-01-22 20:22:32
2 айга тергоо процессин жургузгонго камады да.Тергоо буткондон кийин анан соттун окуму чыгат да
+1
AIZAD
2014-01-22 14:40:08
эмнегедир ишенбей атам,бул балага

+3
Aselina_kg
2014-01-22 14:46:07
Жазасын алсын!Тергоо мооноту буткончо 2 айга камалды деп турат го.Соттун чечими чыкканда билинетда,жыйынтыгы кандай болгону.Тушунуп окугулачы туугандар!
+1
Beka_89_kg
2014-01-22 15:00:25
Кантип ишеништи билбейсин, асманга атса козуно тийсе
0
jyzka87
2014-01-22 15:17:33
Асманга атса барып козго тиеби? тушунуу кыйын..Же Темирлан асманда беле?
+1
cubich
2014-01-22 17:11:27
Опозициядагы депутаттын баласын кармап келишпептир да биздин органда иштеген адамдар.Шылтоо менен иш жабылмак
+1
Bolo2
2014-01-22 17:32:49
Бугада негедир мендагы ишенбей жатам
0
Nelli85
2014-01-22 18:13:18
Эки ай...........?
-1
92nuraaly
2014-01-22 18:22:29
Аткан адам жакшы куноосун билип озу барыптыр. Коро жатаарбыз эми канча ай, же жылга эркинен ажыратылат экен.
+2
Kg_boy91.91
2014-01-22 18:25:55
эркек жигит экен
+1
algajawoo
2014-01-22 23:25:59
Ал атайын атпаса керек случайность
0
toichubek1984
2014-01-22 23:40:35
Бул жерде атайын атып жаткан жок кокустук болгонго камалбаса керек айып акча салынат бирок
0
Asus84
2014-01-23 13:33:01
эмнеси болсо да чындык чыксын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан