Биз социалдык тармакта

Песков Абу-Дабидеги үч тараптуу жолугушуу тууралуу билдирүү жасады

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Абу-Дабиде өтүүчү Орусия, Украина жана АКШ үч тараптуу сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу Орусиянын РИА Новости басылмасы жазды.

Анда Песков жолугушуу 4-5-февралга белгиленгенин тастыктады.

"Жолугушуу өткөн жекшембиге белгиленген, бирок үч тарап үчүн кошумча график талап кылынган. Ошентип, сүйлөшүүнүн экинчи туру шаршемби-бейшемби күндөрүнө белгиленди. Ал Абу-Дабиде өтөт",- деп маалымдаган Песков.

Эске салсак, буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина, Орусия жана АКШ катышкан кезектеги үч тараптуу сүйлөшүү Абу-Дабиде 4-5-февралга белгиленгенин билдирген эле.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан