Интернет желесинде волейболчунун кечирим сураганы тартылган видео тарап, кызуу талкуу жаратууда.
Маалыматтарга караганда, волейболчу япониялык жана окуя Японияда болгон болушу мүмкүн. Бирок азырынча видео качан жана кайсы жакта тартылганы так белгилүү эмес.
Видеодон спорчунун кокустан спорт залдын кызматкерин топ менен уруп алып, кечирим суроо үчүн кыздын бутуна чейин боору менен бир нече аралыктан сүрүлүп келгенин, андан соң кайра-кайра ага ийилгенин көрүүгө болот.