Биз социалдык тармакта

АКШ менен Индия соода келишимин макулдашты

АКШ менен Индия эки тараптуу сооданын жаңы шарттары боюнча келишимге жетишти. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен болгон телефон сүйлөшүүдөн кийин билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышууда.

Трамптын айтымында, АКШ Индиядан импорттолгон товарларга болгон бажы төлөмдөрүн 25 пайыздан 18 пайызга чейин төмөндөттү. Өз кезегинде Индия да америкалык товарларга карата бажы төлөмдөрүн азайтып, тарифтик эмес тоскоолдуктарды жоюуну көздөйт.

Ошондой эле Нарендра Моди АКШдан энергия ресурстарын, технологияларды, айыл чарба продукциясын жана башка товарларды 500 миллиард доллардан ашык суммада сатып алуу милдеттенмесин алганын Трамп белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан