Кыргызстандык веложарышчы Евгений Ваккер үстүбүздөгү жылы веложарыш боюнча Казакстанда өтө турган Азия чемпиондугуна даярдыкты баштады. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Эркин Акрамов билдирет.
Анын айтымында, Евгений Ваккер 20-январда Германиядан Бишкекке, 21-январда Бишкектен Ысык-Көлгө сапар алды. Көл жээгинде даярдык 10-февралга чейин созулат. Бул убакыт ичинде спортчу велосипеди менен 3400 чакырым аралыкты багындырышы керек.
Астанада өтүүчү Азия чемпиондугу апрель айынын аягында старт алат. Анда Ваккер жеке жарыштарда 50 чакырымга жана топтук жарышта 180 чакырымга жарыш өткөрөт.
Эске салсак, Евгений Ваккер 11 жылдан бери Азия чемпиондугунда медалсыз кала элек. Ал 4 ирет алтын, 4 ирет күмүш жана 3 ирет коло медаль уткан.