Кытай жаранына кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы катталды

Кытай жаранына кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы катталды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун Сокулук районундагы паспорт берүүчү жайдын кызматкерлери жалган документтерди толтуруу жолу менен чет элдик жаранга КРнын жарандыгын мыйзамсыз беришкен. Кытай жаранына берилген паспорттогу номур 1952-жылы туулган Сокулук районунун жашоочусуна тиешелүү болгон. Ал 2004-жылы каза болуп калган. Анын документтери паспорт берүүчү жайга өткөрүлүп берилген. Бирок аталган мекеменин кызматкерлери документтерди жок кылбастан, аты-жөнүн өзгөртүп, чет элдик жаранга беришкен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bodibilding
2014-01-22 13:36:30
Эх кыргызым качан онолот екен акча учун эмнелерди жасашбайт.
+1
KG-Oligarh
2014-01-22 13:40:14
Бизде эми билинип жатабы. Бул бир чекеси гана . Башка мамлекеттин жарандары Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алгандар миндеп саналат.
+2
mirbakg
2014-01-22 13:48:19
Берген адамдарды кыргызстандан депортация кылыш керек !! Кытайга барып алып корсунчу пасопрт!
+1
future_kg
2014-01-22 14:22:33
Бул эми жон эле шоу кармалды деген!Жуздогон адам сатып эле алып жатат! Баткенге барсан, паспортсволдо иштегендердин уйу жаркырайт, кымбаат машинелери шуулдайт, анча мынчасы бишкектен квартира, уй алганга жетишкен! Алган айлыктары эки уч мин!
+2
nurali20
2014-01-22 15:06:13
Акча учун эмнеге кана барышпайт, ото жийиркеничтуу...
0
Jiide.8792
2014-01-22 17:44:44
Анча мынча кыргыздар алалбай журотко пулун болсо кулунмун деген заманда бизде
0
inoplanetyanin
2014-01-22 18:43:28
passport stoldogularga ishiner e4 ka4an tuwposun,tfu,tfu!
0
algajawoo
2014-01-22 23:24:10
Паспорт бергендерди чет жака мигрант кылып жонотуш керек кандай экенин ошондо билет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан