Таксистти бычак менен коркутуп, унаасын тартып алган кылмышка шектүү кармалды

Таксистти бычак менен коркутуп, унаасын тартып алган кылмышка шектүү кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 21 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, унаасына медициналык бет кап кийген эки адам жүргүнчү катары түшүп, айтылган дарекке жеткирип коюшун суранышкан. Эки адам жолдо айдоочунун жип менен муунтуп, бычак менен коркутуп унаасын айдап кетишкен.

Учурда кылмышка шектелип 23 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан