Бүгүн, 3-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу Чыңгыз Токтобеков Орусия Федерациясынын башкы консулу Александр Калачев менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу башкы консулдуктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун имаратында өттү.
Анда тараптар консулдук кызматташуу жана маданий-гуманитардык байланыштар боюнча пикир алмашышты. Чыңгыз Токтобеков Александр Калачевди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки өлкө менен элдердин ортосундагы салттуу жылуу жана достук мамилелерди белгиледи.