Биз социалдык тармакта

Ленин районунун балдары үчүн муз үстүндөгү майрам уюштурулду

Ленин районунда оор турмуштук кырдаалда турган балдар үчүн "Ала-Тоо" аянтындагы муз тебүүчү аянтчада майрамдык иш-чара өттү. Ага 100 бала катышып, иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын өнөктөштөрү – "Түндүк жарыгы" командасы менен биргеликте уюштурулду.

Мэриядан билдиришкендей, балдар муз аянтчасында эс алып, аларга компот жана пицца таратылды. Майрамдын максаты – балдардын ден соолугун чыңдоо, спортко кызыктыруу жана достукту бекемдөө.

Коопсуздукту медицина кызматкерлери, инспекторлор жана педагогдор камсыз кылды. Иш-чара улантылып, башка райондордон келген балдар да катышары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан