Биз социалдык тармакта

Ички аскерлердин жоокерлери үчүн музейге экскурсия уюштурулду

1-февраль күнү Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин 7705 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы Бишкек шаарында жайгашкан М.В.Фрунзенин мемориалдык үй-музейине экскурсияга барышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чаранын максаты – аскер кызматчылардын тарыхый аң-сезимин кеңейтүү, ата-бабалардын жолун терең түшүндүрүү жана билим деңгээлин жогорулатуу болду. Экскурсия учурунда жоокерлер музейдеги тарыхый экспонаттар менен таанышып, кызматкерлерден кеңири маалымат алышты.

Бул иш-чара өздүк курамдын мекенчилдик сезимин чыңдоого жана тарыхтан сабак алууга өбөлгө түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан