Биз социалдык тармакта

Эл өкүлдөрү айылдык кеңештин депутаттары менен жолугушуу өткөрдү 

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары айылдык кеңештин депутаттары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууга эл өкүлдөрү: Гүлжан Сатиева, Эльвира Сурабалдиева, Бакыт Чомоев жана Эдита Тайгараева катышкан.

"Аймактагы орчундуу социалдык, экономикалык жана инфраструктуралык маселелер көтөрүлүп, чечүү жолдору талкууланды. Айрыкча калктын жашоо сапатын жакшыртуу, социалдык колдоону күчөтүү жана өндүрүштүк ишканаларды ачып, жумуш орундарын түзүү сыяктуу муктаждыктарга көңүл бурулду", - деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар менен иш алып барылары айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан