Биз социалдык тармакта

Ош шаарынын чарба кызматкерлерине жаңы электр техникасы тапшырылды

Бүгүн, 5-февраль күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Оштогу "Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына 5 даана атайын электр жүк ташуучу техника (желмаян) тапшырды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр буга чейин жумушчулар менен жолугушууда техникаларды берүү тууралуу убада кылган. Аталган тапшырма кызматкерлердин ишин жеңилдетүү жана процессти ыкчамдатуу максатында аткарылды.

Шаар жетекчилиги мындан ары да Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, жашыл аймактарды кеңейтүү багытындагы иштерди уланта турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан