Буга чейин жол белгилери боюнча журналисттердин суроолоруна жооп бере албай калган депутат Жаныбек Абиров айдоочусу жок экенин жана кызматтык унаасын өзү айдай турганын айтты. Бул тууралуу ал “ПолитКлиника” басылмасынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Эскерте кетсек, бир күн мурун Жаныбек Абировдун жол белгилерин билбей калганы тууралуу “Ала-Тоо 24” телеканалынын видеосу тараган.
Жакында эле депутаттарга жаңы кызматтык унаалар берилген.