Биз социалдык тармакта

Кышкы Олимпиаданын оту Миланга жетти 

Италиянын Милан шаарында кышкы Олимпиаданын отун кабыл алуу аземи өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазушууда.

Эстафета борбордук көчөлөр аркылуу өтүп, Пьяцца-дель-Дуомо аянтында аяктады. Ал жерге жүздөгөн адамдар жыйылды. "Ла Скала" театрынын прима-балеринасы Никоелетта Манни факелди аянттагы атайын орунга алып чыгып, отту жакты.

Бүгүн, 6‑февралда кышкы Олимпиаданы ачуу аземи "Сан-Сиро" стадионунда башталат.

Эскерте кетсек, кышкы олимпиада 22-февралга чейин уланат. Кыргызстандан 2 спортчу катышат. Мелдештердин программасына ылайык, Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча гигант слалом мелдешине 14-февралда, ал эми слалом мелдешине 16-февралда катышат. Артур Сапарбеков болсо лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда, ал эми эркин стилде (коньки тебүү ыкмасы менен) өтүүчү мелдешке 13-февралда чыгат

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан