Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө түндүк-батыштан соккон ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жеткен катуу шамал күтүлөт.
Мекеме тургундарды этият болууга, унааларды дарактардын жана көрнөк-жарнактардын астына токтотпоого жана шамал күчөгөндө ачык жерлерде болбоого чакырат.