Биз социалдык тармакта

Араванда эрте быша турган картошкалар эгиле баштады 

Араван районунда эрте бышчу картошка эгиле баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган райондо өлкө боюнча эң биринчилерден болуп картошка эгилүүдө. Учурда эгиле баштаган картошкалар май айында бышып, сатууга даяр болот.

"Эгерде картошканын "Ривьера" сорту эгилсе, ал эрте бышып, бир эле жерден бир мезгилде үч жолу түшүм берүүгө жөндөмдүү",- деп билдирген министрлик.

Министрлик фермерлерге техника жана талаага керектелүүчү дары-дармектерди берип жатканын кошумчалады. Ал эми картошкалар өлкөдөгү ички рынокко гана эмес, коңшу мамлекеттерге да экспорттолот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан