Биз социалдык тармакта

Белгилүү комик Сабуровго Орусияга кирүүгө тыюу салынды

Белгилүү комик, актёр Нурлан Сабуровго Орусияга 50 жыл аралыгында кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы укук коргоо органдарына таянып жазды.

Маалым болгондой, ал Орусияда тапкан акчасын ортомчулар аркылуу адалдоого аракет кылган. Сабуровдун Орусияда баасы 60 миллион рублдан ашыкка бааланган мүлкү бар.

"Нурлан Сабуров Орусияда миграциялык эрежелерди жана салыктарды төлөбөй киреше тапкан. Ал 2024-жылы эле 50 миллион рублдан ашык каражатты декларацияда көрсөткөн",- деп айтылат маалыматта.

Ал бул чектөө тууралуу БАЭден Орусияга учуп келгенде билген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан