Баткендик ишкер "Манас" эл аралык аэропорту уюштурган аукциондо эскилиги жетип, жарактан чыгып калган "Як 40" үлгүсүндөгү учакты сатып алды. Бул тууралуу Турмуш.кж басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, учак экиге бөлүнүп, оор жүк ташуучу трал менен Баткен шаарына жеткирилген. Ал Төө-Таш аймагындагы өрүк бактын ичине орнотулду.
Аны оңдоп-түзөөдөн кийин жергиликтүү тургундар жана коноктор үчүн көргөзмө объект катары пайдалануу пландалууда.
Басылма жазгандай, аба транспортунун баштапкы баасы 1 миллион 257 миң сом болгон.
2025-жылдын декабрь айында "Кыргызстандын аэропорттору»" ААКсы колдонулбай калган 5 учакты сатуу боюнча ачык аукцион жарыялаган.