“Япониядан Субару Аутбек үлгүсүндөгү унаа алып келип берем” деп Чүй облусунун Новопавловка айылынын
тургуну Б.Эмирден алдоо жолу менен 143 миң сом алган Бишкек шаарынын Абай көчөсүнүн тургуну Т.Тынчтыкбек кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-январда кабарлады.
Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө Т. Тынчтыкбектин Б.Эмирден башка дагы 8 адамдан унаа алып келип
берем деп акча алгандыгы (жалпы суммасы 50 миң долларга жакын) аныкталып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына
камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.