Бишкек шаарында курулуш компанияларынын унааларынын дөңгөлөктөрүн жуу милдеттендирилди. Бул тууралуу 6-февралда шаар мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар аймагын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, курулуш объекттери курулуш аймагынан чыгып жаткан автотранспорт каражаттарынын дөңгөлөктөрүн тазалоо (жуу) пункттары менен милдеттүү түрдө жабдылышы керек. Дөңгөлөктөрдү тазалоо - милдеттүү талап болуп саналат. Бул талаптардын сакталбашы жол бөлүгүнө ылай, топурак чыгышына алып келип, жол кыймылынын коопсуздугуна жана шаардык инфраструктуранын абалына терс таасирин тийгизет. Ушуга байланыштуу курулуш компаниялары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
Белгиленген талаптар аткарылбаган учурда Муниципалдык инспекция тарабынан мыйзам бузуучуларга чаралар көрүлөт.