Алдыдагы дем алыш күндөрү өлкө аймагында азык-түлүк продукциялары боюнча жарманкелер уланат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.
Министрлик аталган жарманкелердин максаты ички рынокту туруктуу камсыздоону улантуу жана жарандарга сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо экенин белгиледи.
"Учурда республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары боюнча эч кандай тартыштык жок, азык-түлүк кору жетиштүү",- деп кошумчалаган министрлик.
Бишкек шаарында өтүүчү жарманкенин дареги:
Турдакун Усубалиев атындагы аянт;
Исхак Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймак;
Эркиндик бульвары.