Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында маданий оюндардын байге фондуна 4 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өткөн көчмө жыйында билдирди.
"Мындан тышкары улуттук спорт түрлөрү жана ат оюндардын бардык негизги түрлөрү өткөрүлмөкчү. Бул оюндар кыргыз элинин көчмөн маданиятын, салт-санаасын жана тарыхый мурасын дүйнөлүк коомчулукка кеңири таанытууга багытталат", - деп кабарлады Төрөбаев жетектеген Айыл чарба министрлиги.