Бүгүн, 6-февраль күнү XXV Кышкы Олимпиада оюндары башталат. Алар Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өткөрүлөт.
Олимпиада оюндарын УТРК Спорт телеканалынан, кабелдик тармактардан жана мобилдик тиркемелерден көрсөңүздөр болот.
Ачылыш аземинин түз трансляциясы 6-февралдан 7-февралга караган түнү саат 01:00дө башталат.
Эскерте кетсек, Кышкы Олимпиада 22-февралга чейин уланат. Кыргызстандан 2 спортчу катышат. Мелдештердин программасына ылайык, Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча гигант слалом мелдешине 14-февралда, ал эми слалом мелдешине 16-февралда катышат. Артур Сапарбеков болсо лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда, ал эми эркин стилде (коньки тебүү ыкмасы менен) өтүүчү мелдешке 13-февралда чыгат.