АКШ ВИЧ/СПИД менен күрөшүү үчүн 5,88 миллиард долларлык жаңы финансылык пакет кабыл алды. Бул тууралуу БУУга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Сунушталган пакетке ылайык:
• 4,6 миллиард доллар America First Global Health стратегиясынын алкагында ВИЧ программаларын колдоо үчүн,
• 1,25 миллиард доллар Глобалдык фонд аркылуу СПИД, туберкулез жана малярияга каршы күрөшүүгө,
• 45 миллион доллар Бүткүл дүйнөлүк ЮНЭЙДС программасын колдоого бөлүнөт.
Бул инвестициялар дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарга зарыл жардам көрсөтүүгө жана ВИЧ менен күрөшүү жаатындагы глобалдык аракеттердин натыйжалуулугун сактоого багытталган.