Бүгүн, 6-февраль күнү "Ала-Тоо" аянтында борбор калаанын жаш тургундары үчүн майрамдык иш-чаралар өттү.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, турмуштук оор кырдаалга кабылган Октябрь районунун 100 баласы сергек жана достук маанайдагы чөйрөдө кызыктуу убакыт өткөрдү.
Муз тебүү иш-чарасын Бишкек шаарынын мэриясы “Северное сияние” командасы менен биргеликте уюштурду, ал эми Октябрь райондук администрациясы катышуучулар үчүн ысык тамак даярдады.
Иш-чаранын максаты — балдардын ден соолугун чыңдоо, активдүү жашоо образына кызыктыруу, спортко тартуу жана достук мамилелерди өнүктүрүү. Коопсуздукту медицина кызматкерлери, инспекторлор жана педагогдор камсыз кылышты.